Бүгүн, 19-февраль Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын түзүлгөндүгүнө 28 жыл болду.
Мекеменин тарыхына кайрыла турган болсок, 1993-жылдын 19-февралында президенттин жарлыгына ылайык, салыктык мыйзам бузуулардын алдын алуу, табуу, бөгөт коюу жана камсыздоо максатында укук коргоо функциялары бар атайын бөлүм түзүлгөн.
Бул атайын бөлүмдөр ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынын кызматкерлеринен топтолгон. Алардын мурунку жумуш орду боюнча укуктук, социалдык корголушу жана жеңилдетүүлөрү сакталып калган.
Буга чейин Финпол жоюлуп, ИИМге кошула турганы боюнча кызуу талкуу жүрүп, мекемени азыркы тапта жетектеп жаткан Сыймык Жапыкеев буга нааразы пикирин билдирип чыккан.
"Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгону жатышат, силер кандай ойлойсуңар? Что-то башкача кетип баратат... Финполду эл колдойт, финпол элге иштейт. Достор, финпол жеңилип калабызбы?", - деп билдирүү калтырган Жапыкеев.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн жаңы түзүмүндө ушундай эле аталыш менен калды, бирок Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болот. Бул тууралуу өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча 12-февралда жарыяланган токтомдо айтылат.