Бүгүн, 19-февралда УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Анда депутат Таабалды Тиллаев өз пикирин айтты.
"Биз эл өкүлү болгондон кийин эл алдына келип, мыйзамсыз иш аракеттер болуп жатса өз оюбузду айтышыбыз керек. Укук коргоо органдарын, тергөө органдарын, сот органдарында чоң жоопкерчилик турат. Кечээ күнү акча төктүрүп, соттоп, бир жумага жетпей кайра соттойбуз деген бул акылга сыйбаган көрүнүш. Бийликте отурган агаларыбызды элдин алдында каралап, жаман материалдарды көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күнү ал элдин сүймөнчүлүгү болуп, 80 пайыз добуш алып, президент болуп отурат.
Райымбек Матраимов кача турган болсо октябрь окуясында эле качып кетмек. Ал качкан жок. Соттор ал кишини боштондукка бошотуп тергөө амалдарын жүргүзө беришсин. Эртеңки күндү, мамлекетти, келечекти ойлоп туура кадамдарга баруу зарыл", - дейт ал.
Митингге чыккандар чыккандар колдоруна “Матраимов качкан жок”, “Матраимовду бошокула!”, “Матраимовдой акчаны ким төлөдү?” “Американын агенттери кыргыз патриотун каматты”, "386 миллион долларды уурдаган Сапар Исаковду ким качырбы?", "Кулматов эмнеге камалбайт?" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.