Матраимовду колдогондор Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына келишти

Бүгүн, 19-февралда УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө. Нааразычылык акциясына чыккандар Биринчи Май райондук сотун көздөй жөө жүрүш менен келишти.

Алар Матраимовдун бошотулушун талап кылып жатышат. Митингге чыккандар колдоруна “Матраимов качкан жок”, “Матраимовду бошоткула!”, “Матраимовдой акчаны ким төлөдү?” “Американын агенттери кыргыз патриотун каматты”, "386 миллион долларды уурдаган Сапар Исаковду ким качырды?", "Кулматов эмнеге камалбайт?" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Кечээ, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан