Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Чек ара кызматы "тажик тарап өз жерибизге курулуш ишин жүргүзүүгө каршы болуп жатат" деген билдирүү боюнча түшүндүрмө берди

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кайрагач айылынын жашоочусу кайрылды. Ал Кыргыз тараптагы жерге кошуна тарап кирип келип, май куюучу жай курууга каршы болуп жатканын айткан.

Мамлекеттик чек ара кызматынан бул окуя боюнча түшүндүрмө берди.

"Бүгүн, 19-февралда Лейлек районунун Кайрагач аймагында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда күйүүчү май куюучу жайдын курулушун баштоого байланыштуу жолугушуу болду. Май куюучу жай Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө курулуп жаткан.

Кыргыз жараны Кулунду-Кайрагач унаа жолунун участогундагы мамлекеттик чек аранын шарттуу линиясына жакын жерде май куюучу жай куруп баштаган. Тажик тарап чек аранын ушул тилкесине объект курууга каршылыгын билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүгө чек ара аймактарынын башчылары жана тараптардын кадастрдык органдарынын өкүлдөрү да катышты. Курулуш иштери убактылуу токтотулду. Трассага эки өлкөдөн тең 50дөн жаран чогулган, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арада абал туруктуу", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samsung-
2021-02-19 19:11:14
Озубуздун жерге озубуз ээ боло албайт экенбиз да, ото жоош момун Эл экенбиз, озбек менен тажиктин ширин созуно бир табак ашына алданып журо беребиз.
+5
Haanykeim
2021-02-19 19:16:20
Чече турган нерсени чечпейсиңерби? Качантан бери ызуу-чуу чек ара боюнча.Бирде тажик тарап арык казып эле кетип калдыго,биз тарап каршылык көрсөтпөй эле,видео тартып кала берди.
+5
Nursul
2021-02-19 20:30:52
Чечиле элек деп элди ызылдата бербей 10метр аларга өзүбүзгө 1метр алсак да тактап чечип койгулачы суранам силерден тактала элек жер деп атып ансыз деле канча жерлерибизди тарттырып жибердик ко.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан