Биз социалдык тармакта

"Кыргыз-Тажик тараптын келишиминде талап бар". Баткенде жергиликтүү тургундун май куюучу жай салдырбай жатат деген кайрылуусуна аким жооп берди

Бүгүн, 19-февралда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кайрагач айылынын жашоочусу "Тажик тарап өз жерибизге май куюучу жай салдырбай, тоскоолдук кылып жатат" деп кайрылган.

Кийин мамлекеттик чек ара кызматынан бул окуя боюнча түшүндүрмө берип, аталган май куюучу жай Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө курулуп жатканын кабарлаган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы аталган аймактын айыл өкмөтүнө байланышканда ал маалымат берүүдөн баш тартты. Ошол себептүү бул маселе боюнча Лейлек районунун акимине байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду:

"Тиешелүү комиссия келип чечип бермейинче, ал жерде курулуш иштери токтотулду. Анткени бул курулуш иштери шарттуу чек арага өтө жакын жерде курулуп жатыптыр. Биздин мамлекет менен тажик тараптын ортосунда келишимге ылайык, 400 метрден жакын аралыкта курулуш иштерин жүргүзбөсүн деген талап бар", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2021-02-19 21:11:18
Аа атта биздикине келгенде законго таянып каласынар. Тажиктер калаган жерине кура беришет
+6
Alinur96kg
2021-02-19 22:57:24
Откондо эле чек ара эмес кыргызстандын жерине кирип келишип кочот отургузуп журушту эле го.
+6
zilish_kg
2021-02-20 08:12:19
Ал жер такталган аймак биздин жер, заправкабы атомный станциясиябы өзүбүз билебиз курушту. Ар чыр чатактп өзбектердин же тажиктердин жаңылыктарынан эч окубадым бул такталбаган аймак деп, наоборот биздики деп турат алар, информационный войнадан да утулуп бүттүк.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан