Жалал-Абадда 44 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт, алар тез арада көчүрүлүшү керек
Жалал-Абад шаарында жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган жашоочулар 1-мартка чейин коопсуз жайга көчүрүлүүсү шарт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, шаардан 80 чакырым алыс аралыкта жайгашкан айылдагы 44 үй-бүлөнүн турак жайы кооптуулук жараткан кызыл зонада жайгашкан. Мындан улам Кызыл-Суу айылынын жашоочуларына тынбай атайын эскертмелер берилип жатат дешти мекемеден.