ЭЛДИК КАБАР: "Орусияга каттам көбөйгөнү менен баа түшкөн жок, муну өкмөт качан көзөмөлдөйт?" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жаран кайрылды. Ал Ош-Москва багыты боюнча каттамдарга билет баасы кымбат болуп, асман чапчып жатканын жана бул маселе чечилбес болуп жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө Ош-Москва багытына болгон авиакаттамдын, авиабилеттин баасы мурункудан да көтөрүлүп кетти. Каттамдар көбөйгөнү менен авиабилеттин баасы 60 миң сомдон жогору болуп, калктын капчыгына кымбат болуп жатат.

Өкмөт муну тез арада көзөмөлгө алыш керек болчу. Бирок жылыш жок, сабырыбыз түгөндү, деги өкмөт бааны качан көзөмөлдөйт? Бул жакта калалы десек же жумуш жок, кыйналып кеттик", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kuban-1207
2021-02-20 11:39:26
Жол каттам кымбат болсо Москвага барбай эле койгула да
-21
patriot.kg94
2021-02-20 12:24:27
Kuban-1207,бул жакта иш жок болсо сен багасынбы анын уй булоосун Москвага эч ким ойногону кетпейтат
+17
MAKALAK
2021-02-20 11:56:12
Келгенде ушинтип тополоң кылгансыңар чек арада жатып алып.Эми Москвага жеткир деп .Сабыры жок калк окшойбуз тажик өзбектер унчукпай эле жүрүшөт го
-8
patriot.kg94
2021-02-20 12:26:20
MAKALAK, жеткир деп эч ким кыйнаган жок билеттин баасын бир аз тушургуло деп атат. Курсагы тоок,кийими бутун колунда барлар силер тушунбойсунор баары бир
+14
Chyngyzbek
2021-02-20 12:53:01
Эн тууру жазыпсын окурман мына бугун эки курбум кетти Москвага 50000 минден алышкан биоетти 10 кун мурун бир аааз конул буруп коюшса болмок
+11
BakytbekAbdubakhapov
2021-02-20 13:11:46
Эл чоон ишеним менен шайлаган мырза тымпыйып корунбой кеттиниз го.Бир демке деп айтсаныз боло
+9
Mr.altynbek
2021-02-20 14:35:35
Основные жок болду деп ататле аэропортто сурап ататко же основные же 6000сос
+5
Jelezo
2021-02-20 15:04:41
Көп адамдар кетип калып жумушчу жетишбей жатат кетбей эле иштеп турушса болмок, Өзбекстан, Тажикстанга уруксат бериле элек.
+4
nur.omur
2021-02-20 19:43:01
Москвага барууда основание жоюлду беле, билгендер айтып коюнуздарчы. 3-мартка билет алдык. Бирок Бишкектеги авиа кассада основание алгыла, болбосо кабыл албайт, уча албайсынар деп жатат.
+2
modem4999
2021-02-20 21:43:40
Ошол 50-60минге кыргызстанда жыргап жашап турунуздар кун жылып билет арзандаганда келесинер
+1
Shakek
2021-02-21 00:26:07
Туугандар Аэрофлот компаниясы менчик фирма билетти каалгандай сатат Кыргызстан билеттин баасын чече албайт
2-5күнү учкан рейсте основание жок учса болот Аэрофлоттун кассасынан билет алсаң
+4
Mustafo
2021-02-24 16:46:38
Тойгоздуңарго бирөө силерли айдагандай кеттиңер границцага барып жатып алып , эми билет кымбат дейсиңер , жакында 100 миң болот ошондо келесиңер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан