Тажикстан тарап Кыргыз жарандарын барымтага алды делген маалымат айтылууда

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткендеги кыргыздарды 16-февралда кармаган. Азыркы тапта алардын тагдыры жөнүндө маалымат жок экенин, алар дайынсыз болуп жатканын, барымтага алынды деп изделип жаткандардын биринин Досмат аттуу бир тууганы SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, азыр бир тууганынан дайын жок жана ал базарга кирген боюнча кайра кайтып келген эмес.

"Баткен районунун 3 тургуну Сүйүндүк Бурханов, Саитбек Матираимов жана Довлатбек Орозов Лейлек районунун мал базарына барып мал алышып, кайра кайтып келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Андан кийин аларды Тажикстанга алып кирип кетишкен.

Окуя болгонуна бир жума болуп калды, менин иним ошондон бери дайынсыз", - деди кармалгандардын биринин агасы.

Ал эми бул окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынан такталып жатканын, жакынкы аралыкта маалымат бериле турганын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mamytovv_n
2021-02-22 10:41:37
Чечкиле чек ара маселесин тажиктер каалаганын жасашып жатат
+9
Haanykeim
2021-02-22 11:23:25
Эми элдин үмүтүн актагыла.Чек ара маселсин чечкиле..Каалаганын кыла баштады эми тажиктер.
+6
kg627
2021-02-22 11:32:56
Садыр Камчы каякта журушот.
+6
Aybiyke
2021-02-22 11:45:51
kg627,аларды билбейм шайлоодон мурда корунуп турушчу эле азыр жок кайда кетишкен
+2
Porter-taxi
2021-02-22 12:08:15
Кана садыр брат кана ташиев брат канааааа
+5
talas0707
2021-02-22 12:15:03
Армияны кучтобосо тоготпойт булар.
+4
Nursul
2021-02-22 22:52:44
talas0707, туура айтасыңар армияны кучтош керек бирок көпчүлүк ата-энелер армиядагы жанагындай безпридел дедавшеня кордук өлтүрүп аткандарды көрүп уулунан ажырагысы келбей жөнөтпөй атышат. Армиядагы ошондой жагын катуу көзөмөлгө албаса жакында эчким жөнөтпөй калышабы деп корком.
0
Nina.alex
2021-02-22 12:37:02
Ана садыр,садыр дегендер эми эмне дейсинер
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан