Чүй облусунун Ысык-Ата районунда дайынсыз болуп жаткан 49 жаштагы Марат Жумагуловдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
"Буга чейин Ысык-Ата РИИБине айылдын тургуну өзүнүн жолдошун издеп, арыз менен кайрылган. Анда 4-февраль күнү жолдошу үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Аталган жарандын жүргөн жерин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында суучулдар тарабынан 18-февраль күнү Ивановка айылынын аймагындагы Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылган.
Аталган жарандын аты-жөнү такталып, ал буга чейин изделип жаткан 1972-жылы туулган Марат Жумагулов экендиги аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурунда жаракаттар табылган эмес. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.