Бүгүн, 22-февралда жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине камактагы мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ачкачылык жарыялагандыгы жазылды. Мындан улам Кыйноолордун алдын-алуу борборуна кайрылганыбызда бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтышты.
"Биз Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялады деген имишти социалдык тармактардан окудук. Ал эми бизге жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири байланышка чыкканда биз барып жолугарыбызды айтсак ушундай маалыматты таратып жиберишиптир. Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалымдалган.