"Чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенемин". Премьер-министр кайрылуу жасады

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров быйылкы жылдын 29-январында “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыкка кол койду. Президентибиздин башкы тапшырмасы – кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү.

Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта системалуу түрдө (мезгил-мезгили менен) бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Ошондой эле кадрларды – акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет, же район акимдери башка райондордон дайындалат.

Бул иштердин башкы максаты:

- элдин ынтымагын бекемдөө;

- мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу;

- кадрдык трайбализм, кландуулук оорусун түп-тамырынан бери жок кылуу;

- “тааныш-билиштердин” мамлекеттик башкаруу кызматтарына келишин токтотуу;

- жеке кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, айрыкча инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы келишпестиктерди болтурбоо;

- системага айланган коррупциялык схемаларды жок кылуу.

Муну менен биз жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжага жана сапатка иштөөгө түрткү беребиз.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биз бир ууч эле элбиз. Бизге бекем ынтымак гана керек!

Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт.

Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.

Ротациялоо практикасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келет. Мунун жакшы жагы – райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптанышында жакшы натыйжаларды берүүдө.

Мындай кадам өлкө саясатын ишке ашырууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрлардын күчтүү резервин түптөөдө негизги өзөктөрдүн бири болот. Аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрациялардын башчылары жана анын орун басарлары карьералык баскычка көтөрүлүүдө негизги талапкерлердин бири катары каралат.

Бул чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенемин.

Мен өз өлкөмдүн патриот уулу жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри катары аймактарга өз ишин мыкты билген профессионалдар келишине абдан кызыкдармын! Биз күчтүү Кыргыз өлкөсүн бирге курабыз деп бекем ишенем!",- деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mustafo
2021-02-22 18:58:23
Ошондой эле болсунчу ылайым
+2
Aky12
2021-02-22 20:07:01
6млн адамга жагыш кыйын, чындап эл учун кызмат кылам десен, сынчыларга конул бурбай алдыга аракет кыла бер, ийгилик каалайбыз
+2
bekuluik
2021-02-22 21:16:13
Атасынын баласы да бул.
0
oopapa
2021-02-22 22:54:54
Атасынын баласы эмес элдин баласы бол
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан