"Кайсы партия менен барарымды айталбайм". Депутат Тазабек Икрамовдун алдыдагы пландары

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов болду.

Анда ал алдыдагы пландары жана Жогорку Кеңешти шайлоо боюнча берилген суроолорго жооп берди.

"Жакында жергиликтүү шайлоо болот аны менен катар референдум болот, андан кийин конститутцияга өзгөрүүлөр кирет. Ушулар кабыл алынгандан кийин анан пландаштырабыз. Азыр кайсы партия менен барарымды дагы айталбайм. Азыр эл деле билбей жатат. Бул конституция кабыл алынып калабы же жокпу деп, эгер кабыл алынып кала турган болсо бир мандат менен жеке өзүмдүн атым менен районумдан коем деген пландар бар", - деди Икрамов.

Тазабек Икрамов: “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин берген министрликтин чечимин сыйлайм“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан