Ат-Башыда жаңы гемодиализ бөлүмү ачылды

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат- Башы айлында өнөкөт бөйрөк ооруларынын 5 стадиясы менен ооруган оорулуулар үчүн 6 орундуу гемодиализ бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Милдеттүү камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы ачылган бөлүм гемодиализге муктаж болгон ооруларды кабыл алат.

"Оорулуулар менчик гемодиализ бөлүмүндө дарыланып жаткандыгына карабастан, гемодиализ кызматы бекер жүргүзүлөт. Ар бир сеанс үчүн 4 миң 700 сом ММК Фонду тарабынан каржыланат.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 26 оорулууга гемодиализ бөлүмү кызмат көрсөтүп келишкен. Оорулуулардын Ат-Башыдан ар бир айда 12 жолудан Нарын шаарына келип кетиши кыйынчылыктыты туудурчу. Эми жеринде бул оорулууларга гемодиализ бөлүмүнөн жардам көрсөтүлөт", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Белгилей кетсек, өлкөдө 1 500дөн көп жаран гемодиализ алып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан