"Көп нерсеге көз жумуп келгем, эми айта турган күндөр келиптир". Интернетке тараган видео боюнча Максатбек Токтомушев кайрылуу жасады

Кечээ, 22-февралда интернетке муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы делген видео тараган. Учурда бул видео колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланууда.

Шамалдай ылдамдык менен тараган видеодо мурунку муфтий Максатбек Токтомушевдин ысымы аталгандыктан, ал көп күттүрбөй социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Айтымында, ал өлкө тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келген жана акыйкат сөзсүз орноп, ал көп нерселер айтыла турган убакыт алыс эмес экенин билдирген.

" Сиздерге ушул кайрылууну жазууну туура көрдүм, окуп коёсуздар деп ишенем.
Буюрса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр.

Элибиздин тынччылыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күндөр келиптир. Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бир аз сабыр кылып туруңуздар сураныч. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз.

Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Аллах Таалам жүзүбүздү жарык кылсын жана жүрөктөрдү ыйманга толтурсун. Жай эс алыңыздар. Сиздерди колдойт деп ишенем", - деп жазылат Токтомушевдин кайрылуусунда.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. Ал эми муфтияттын башкы бахгалтерин эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
jaz99
2021-02-23 10:41:53
Ото сабырдуу жузу нурлуу сонун киши сиз тазасыз билебиз
-5
Jacob.
2021-02-23 10:45:38
Видеоматериал монтаж экени билинип турат, каралоонун дагы чеги болот, бул иштин башында тургандар созсуз жазасын алышат...
-8
Nina.alex
2021-02-23 11:21:40
Тойгончо жеп алдын да. Болду эми актанбай.
+5
Jacob.
2021-02-23 12:15:16
Nina.alex, жанында шам жагып олтургансынбы жеп атканда?
-15
dkrf
2021-02-23 19:39:13
Jacob.,
Муну камаш керек болду. Уурулугунду мойнуна ал да. Актана бербей.
+14
Nina.alex
2021-02-23 11:22:39
Бизде ушинтип эле танып кетишет. Фейк,жасалма,чындыка дал келбейт деп
+11
Mustafo
2021-02-23 11:55:30
Аллахым 2 дүнүйөө жүзүңүздү жарык кылсын устаз , Гудайым карап турат эсептешчүү убакыт алыс эмес , Алланын астына барганда курулай доомат жасагандардын жүзү көмүрдөй кара бөлот Иншалла.
-12
NurlanO1979
2021-02-23 13:56:07
Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дечу беле
-11
NurlanO1979
2021-02-23 13:59:54
Кыргыздын башын айлантып бутушту. Ичип аткан Ала Тоонун суусун баалабай кайдагы рамзан сууну ыйык корушот. Эн ыйык жер ушу биздин Ала Тообуз экенин унутуп баратабыз
+13
nazira...
2021-02-23 14:58:45
NurlanO1979,рамзан суусу эмне, каерде бар экен. Замзам суусун билет элем, рамзан сууну билбейт экем.
-10
Jacob.
2021-02-23 16:21:46
NurlanO1979, Кыйратып ала-тоонун суусун ичип жаткансып, эмнеден жасаларарын билбеген коланы ичип журосун го..
Динге келгенде эле патриот боло калышат!
-18
Nursul
2021-02-23 16:59:28
Мунаафык менен чынчыл инсандын жүзүн ажырата билбей калдык бизда намаз окуп Мечитке каттап жүрөбүз баардык эле Мечиттерде ошондойбу билбейм бирок мен барып жүргөн Мечиттеги жаамат экиге үчкө бөлүнүп жүрүшөт болунгондон ушундай нерселер чыгып атат жүрөгүмдү уксам Максат устаз андай кылбайт деп атат.
+13
Rusi79
2021-02-23 20:18:30
Бириндин богунду бирин же, эгерде элди болуп бири биринди чукуп тополон чыкчуу болсо Алаахым эч, качан кечирбейт
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан