Дүйнөлүк банктын эсебинен ооруканалар оңдолууда




Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ооруканалардын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктоодо. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда борбор калаадагы эки медициналык уюм "COVID-19 инфекциясына чукул даярдануу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк Банктын эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жандандыруу, патология бөлүмдөрү оңдолуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын 24-бөлүмү иретке келтирилүүдө, алар 2020-жылдын июль айында COVID-19 менен ооругандар үчүн кайрадан иштелип чыккан.
Графикке ылайык, бардык медициналык мекемелердеги оңдоо иштери ушул жылдын февраль айынын аягына чейин бүтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:10
2021-03-06
11:55
2021-03-06
9:34
2021-03-06
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.