Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жашар кызды үч өспүрүм зордуктаганбы? Кыздын апасы окуянын чоо-жайын айтып берди

Кечээ, 22-февралда Бишкек шаарында 15 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (дудук жана дүлөй) кызды кезеги менен 3 өспүрүм зордуктаганы тууралуу маалымдалган. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирген.

Көп өтпөй бул окуя боюнча Бишкек ШИИББи аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене "зордуктоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген.

Ал эми экспертизанын корутундусунда кызда жыныстык кындын бузулуусу табылбагандыгын, мындан сырткары окуя болгон жерди текшерүү учурунда алынган шейшептердин соттук-биологиялык экспертизасы алардан эч кандай калдыктар аныкталбагандыгын көрсөткөнүн кабарлашкан.

Буга байланыштуу кыздын апасы биздин редакцияга кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып берүүнү туура көргөн.

"Мен кадимкидей эле жумуш ордумда отурганда кызымдын мугалими чалып, кызыңар кыз эмес экен деп мектепке келип калуумду айтты. Кызым болсо сүйлөбөйт, укпайт ошол себептүү атайын дудуктар үчүн мектепте окуйт. Барсам бүткүл мектеп боюнча бул нерсе ушак болуп жайылып кетиптир. Кызымды зордуктап жүргөнүн мактанып бири-бирине айтышып, окуучуларга жайып жиберишиптир. Мен муну уккандан кийин кызымды алып Свердлов РИИБине бардык, алар териштирүү иштерин баштайбыз деп үйгө келип сүрөткө тартышып, далил катары төшөктөрдү алып кетишкен.

Бул окуя биринчи жолу былтыр болуптур, анда бир бала келип, кызымды коркутуп зордуктап кетиптир. Ал бала барып классташтарына айтып, андан угуп дагы бирөө келип зордуктаган экен. Ал эми үчүнчү бала ноябрь айында тарбиячысы менен келип, ал сыртта карап туруп анан бала кирип жатып чыгыптыр. Ошол күнү жумуштан эрте келсем алдымдан бала чуркап чыкты, кызымдан бул бала ким деп сурасам кызым айтпай койду", - деди кыздын апасы.

Айтымында, бул ишке балдардын тарбиячысынын да тиешеси бар, бул окуялардан улам ал жумуштан бошотулган. Ал эми балдар болсо мектепте окуусун улантууда.

Тергөөдөн эч кандай жыйынтык чыкпагандан улам прокурорго кайрылдык деген апасы окуяны баштан аяк видеодо баяндап берди.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын дагы оюн угууга даяр.

Мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы кызды 3 өспүрүм зордуктап жүргөнбү?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан