Бүгүн, 23-февралдан 24-февралга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндар өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "Атлетико Мадрид" (Испания) - "Челси" (Англия);
"Улуттук стадиону" (Бухарест шаары, Румыния);
Башкы калыс: Феликс Брых (Германия).
"Лацио" (Италия) - "Бавария" (Германия);
"Олимпико" стадиону (Рим шаары, Италия);
Башкы калыс: Гринфельд Орель (Израиль).
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.