Оң көзүнө темир буюм менен чапкан. Бишкекте "Ореховая роща" сейил багында бейбаштык кылганга шектүү кармалды

Бишкек шаарындагы "Ореховая роща" аталышындагы сейил багында бейбаштык кылган деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-февраль күнү Октябрь РИИБине Ч.М. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:00дө 6-кичи районунда жайгашкан "Ореховая роща" сейил багынан арыз ээсин эч себепсиз уруп, оң көзүнө темир буюм менен чапкан. Андан кийин из жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе аталган кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан