Армения полициясы Пашинянга каршы нааразычылык акциясына чыккандарды камай баштады

Армения полициясы Еревандын премьер-министр Никол Пашинянга каршы нааразычылык митингин өткөрүп жаткан оппозиция активисттерин камакка ала баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Митинг бир катар министрликтер жайгашкан өкмөт үйүнүн жанында өтүп жатат. Маалыматка ылайык, Никол Пашинян аталган имаратка эртең менен кирип кеткен.

Оппозиция өкүлү Ишхан Сагателян кечээ премьер-министр шейшемби күнү эртең менен өкмөт үйүнө барарын айтып, активисттерди митингге чыгууга үндөгөн. Полиция Пашинянды катуу кайтаруу менен имаратка киргизген.

Эске салсак, Арменияда 2020-жылдын 10-ноябрынан бери Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары токтой элек. Оппозиция аны экономикалык жана социалдык көйгөйлөр үчүн күнөөлөп жатат. Премьер-министрдин каршылаштары 9-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Азербайжандын лидери Ильхам Алиев кол койгон Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди толугу менен токтотуу жөнүндө келишимге нааразы болуп, Пашинянды ачык эле багынып берди деп айыптоодо.

Пашинян кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча меморандумга кол койгон шартта кызматтан кетүүгө даяр экендигин, ага чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу статусун сактап каларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан