Биз социалдык тармакта

Интернет беттерине Садыр Жапаровго окшош жигиттин сүрөтү тарады. Сүрөттөгү мырза ким? (сүрөт)

Интернет беттерине президент Садыр Жапаровго окшош жигиттин сүрөтү тарап, ал учурда колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланууда.

Айрым колдонуучулар сүрөттөгү мырзанын президентке куюп койгондой окшош экендигин жазышса, айрымдары "Садыр Жапаровдун жаш кези го" деген сыяктуу билдирүүлөрүн жазып калтырышкан.

Ал арада СЭЗдин башчысы Кудрет Тайчабаров өзүнүн фейсбук баракчасына сүрөттөгү жигиттин казак экендигин жазып, Жапаровдун жаш кези дегендердин пикирин четке какты.

"Эч кандай жаш кези эмес эле окшош жигит. 28 жаштагы бала. Байдилда Аскар Талгатович. Садыр Нургожоевичтин чоң уулу менен тең бала экен. Балдар дарыгери болуп иштейт. Бишкекте жашаган казак жигити. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортопедия бөлүмүн бүтүргөн",- деп жазган Тайчабаров.

Байдилда Аскар Талгатович аттуу жаранды социалдык тармактардан издеп тапкан жокпуз, бирок Медициналык академиянын неврология бөлүмүндө окуган студенттердин тизмесинен аты-жөнүн таба алдык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ainura220888
2021-02-23 17:51:18
Окшоп кетет экен
+6
nazira...
2021-02-23 18:15:31
Прическаны Жапаровдукундай кылса болду двойниги болуп жатып калат, бою, салиагы канча болду.экен.
+3
tannuru1503
2021-02-23 18:43:09
Бул баланын атасын коруш керек экен, мумкун атасы азыркы учуруна даана окшошоор
+5
Apyn8793
2021-02-23 19:17:04
Садыр мырзанын озу же туугандары убагында левый жакка барып койсо керек да )))
+5
sainazarov0555
2021-02-23 19:39:10
Apyn8793 :)))))
0
lazygirl
2021-02-24 01:43:26
askar_baydilda окшойт эле аккаунту)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан