Өкмөт башчы Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов офицер, прапорщик, сержанттарды өкмөттүн атынан Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.

Өкмөт башчы куттуктоо постун социалдык тармактагы жеке баракчасына бөлүштү.


"Урматтуу офицерлер, прапорщиктер, сержанттар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм!
Мекенди коргоо – ар бир жарандын ыйык милдети. Бул майрам патриоттуулук сезимди ойготуучу чоң күчкө ээ. Бул күнү кылымдар бою мамлекетти сактоо үчүн кычыраган кышта, кайнаган ысыкта, күн-түн, ачка-ток дебей, күжүрмөн нөөмөттө туруп, ак кызмат кылган бардык муундагы жоокерлердин эмгеги – эрдиги даңкталат. Улуу муундун, ардагерлердин бүгүнкү келечектеги бейпил жашообузга кошкон салымы баа жеткис.
Аскердик мектептен өткөн ар бир адам күчкө, чыдамкайлыкка, стратегиялык-тактикага машыгып, бирин-бири колдоо жана куткаруу деген эмне экенин үйрөнөт. Бул сапат согушта гана эмес, күнүмдүк турмушта да керек. Аны көрдүк.
Коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө, аны жайылтпоодо куралдуу күчтөрдүн, Улуттук гвардиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокерлери, чек арачылар биринчилерден болуп алдыңкы сапта блокпосттордо турушту. Ошондой эле биринчилерден болуп аскердик госпиталды обсервацияга берип, жардамга келдиңиздер. Бул эсибизде.
Өлкөбүздүн аскердик-саясий жетекчилиги аскердик доктринаны өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды: Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы менен Коргоо комитети бириктирилип, өзүнчө министрлик түзүлдү.
Ошондой эле 2021-жылдын 16-февралында бардык аскердик кызматчыларга тамак-ашка азык-түлүктүн жакшыртылган ченемин киргизүү боюнча Токтомго кол койдум. Демек, бир аз да болсо тамак-аш рациону жакшырат.
Башкысы – Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы кайсы гана убак болбосун армия мамлекеттик саясаттын маанилүү инструменти экендигин баса белгилейт. Биз Куралдуу күчтөрдүн беделин сөзсүз калыбына келтиребиз.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, жаркын маанай каалайбыз. Элибизде ынтымак, мамлекетибизде тынчтык болсун.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!", - деп жазылат Мариповдун куттуктоо катында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан