Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту адам өлтүргөнгө айыпталып жаткан жаранды 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Маалымат Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.
Анда айыпталуучу С.Ш. 1993-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну. Билими орто, үй-бүлөлүү эки баласы бар. Мурда соттолгон.
Окуя 2020-жылдын 15-октябрында түн ичинде болгон. Анда 1994-жылы туулган жабырлануучу менен айыпталуучу бактын ичинде эс алып отуруп, өз ара пикир келишпестиктен уруша кетип, айыпталуучу аны бети башына уруп, тапчанда турган бычакты алып, жабырлануучунун арткы сол жак капталына сайып жиберген. Маркум көп кан жоготуудан улам каза болуп калган.
Сотто айыпталуучу күнөөсүн моюнга алып, окуяны төмөнкүчө айтып берген:
Жумуштан эрте келип, баламды ойнотуп отурсам досторум чакырып калышты. Чыксам бир жакка барып отуруп келели дешти. Үйгө келип, апамдан суранып көчөгө чыктым. Алар унаага эт дагы салып алышкан экен. Аны эмне кыласыңар десем, тамак бышырып жейбиз дешти. Аларга мен ичпей турганымды айттым. Бирок маркум мени эмнеге ичпей жатасын деп бир урду. Мен түшүнбөй калдым. Арыкка тоголонуп кеттим. Анан колума тийгени менен чабам деп ойлогом, бирок колума бычак тийди. Анан эле сайып салган экем, андан аркысы эсте жок. Себеби ал жакта адам көбөйүп кетти. Кечирим сурайм, кечире алсаңар кечиргиле. Бычактап салгандан кийин ал жактан кетип калдым. Эртеси милицияга бардым. Болгонун болгондой айтып бердим.
Маркум баланын апасынын берген көрсөтмөсү:
Мен бул айыпталуучу баланы тааныбайм, баламдын досу деле эмес. Балам ошол күнү саат 18:00 чамасында мен жаткан бөлмөгө келип менин абалымды сурап анан чыгып кетти. Кетип бара жатып айнектен бир карап өтүп кетти. Ошону менен саат түнкү 00:30 чамасында чочуп ойгонуп кеттим. Жүрөгүм бир нерсени сезди. Аңгыча терезеден эки бала өткөндөй болду. Ал аңгыча кызым атасынын бөлмөсүнө жүгүрүп кетти, артынан менда чыктым. Кулагым бычак деген сөздү укту. Кызым "апа балаңызга бычак сайыптыр, бирок ал операцияда" деп алдап коюптур. Түнү менен баламдын амандыгын тилеп отурдум. Эртеси дарыгер келип укол сайды, андан кийин гана балам эчак эле каза болгонун билдим. Баламды өлтүргөн адамды өмүр бою эркинен ажыратып берүүсүн суранам.
Өкүм:
Ноокен райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.