Баку шаарындагы аэропортто жүргүнчүдөн дээрлик бир килограмм бриллиант табылды

Бакудагы аэропортто Түркиядан учуп келген жүргүнчүлөрдүн биринен дээрлик бир килограмм бриллиант табылды. Бул тууралуу Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетине таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.

"Текшерүү учурунда бир жаранга таандык ири көлөмдөгү картон кутучадан ар кандай көлөмдөгү бриллианттар табылган. Бриллиант жеке буюмдарынын ортосунда кызыл сумкага салынган 16 полиэтилен баштыкта болгон. Аны бажы кызматкерлеринен жашырууга аракет кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүнчүдөн табылган баалуу таштардын жалпы салмагы 4,5 миң карат же 948 граммды түзгөн.

Буга чейин Британияда чек арачылар болжол менен 76 миллион фунтка (104 миллион долларга жакын) бааланган бир тонна кокаин табышкан.

Бакунун аэропортунда жүргүнчүдөн дээрлик бир килограмм бриллиант табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан