Чеченстанда өткөн эрежесиз уруш мелдешинде кыргыз мушкери Адилет Нурматов менен жергиликтүү мушкер Шадид Абдурахманов менен кез келди.
Беттештин басымдуу бөлүгү кыргыз мушкеринин үстөмдүгү менен өтүп, бир топ ыкмаларды, соккуларды ишке ашырууга үлгүрдү. Жадакалса беттештин комментаторлору да калыстардын чечимин күтпөстөн Нурматовдун жеңүүчү болгонун белгилеп жатышты. Бирок беттештин калыстары жеңишти чечен мушкерине ыйгарып, алып баруучу Абдурахмановдун атын атады. Бул арада калыс Адилет Нурматовдун колун көтөрүүгө жетишти.
Шадид Абдурахманов өз кезегинде жеңиштен баш тартарын, татыктуу жеңишке кыргыз мушкери жеткендигин ишарат аркылуу калыстарга билдирди. Жыйынтыгында калыстар өз чечимин өзгөртүп, жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.
Мушкер Адилет Нурматов SUPER.KG порталына беттештен кийинки сезимдери менен бөлүштү. Анын айтымында атаандашы чыныгы мырза экенин көрсөттү.
"Мелдеш 20-февраль күнү Грозный шаарында өттү. Кыргыз өлкөсүнөн 4-5 мушкер катышып, тилекке каршы экөөбүз гана жеңишке жетиштип калдык. Чейрек финал качан өтөрү азырынча белгисиз.
Калыстар жеңишти атаандашыма ыйгарып, кийин чечимин өзгөртүштү. Буга атаандашымдын да чоң салымы болду. Ал чыныгы мырза экенин көрсөттү. Мен да анын ордунда болсом ушундай кадам жасамакмын, анткени татыксыз жеңиш бир эле спортчуну эмес, анын улутун, мамлекетин уят кылат.
Беттештен кийин каршылашымдан барып кечирим сурадым. "Бул спорт, бирде сен, бирде мен жеңем" деп анын көңүлүн жубатууга аракет кылдым. Ал дагы мени куттуктап, ийгилик каалады.
Менин оюмча калыстар өз мушкери жеңишке жетет деп ишенишкен. Ошондуктан алдын ала жергиликтүү спортчуну жеңүүчү деп тыянак чыгарып коюшса керек деп болгоолоп жатам. Бирок чындыгында кандай болгонун билбейм. Эмнеси болсо да баары өз ордуна келди. Буйруса чейрек финалга жакшылап даярданып, жеңиш менен кайтууга болгон күчүмдү жумшайм.
Мени колдогон, мага ишенгендердин баарына ыраазычылык билдирем. Жакындарыма, досторума экинчи атам болуп калган машыктыруучума рахмат айтам. Буюрса, алдыда дагы көп жеңиштер болот", - деди Нурматов.