Ысык-Атада үйгө кирип буюмдарды алып кеткенге шектүүлөр кармалышты

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айынын ортосунда Ысык-Ата РИИБине 46 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анда Люксембург айылында жайгашкан үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, телевизор, ноутбук, телефон жана унаанын төрт дөңгөлөгүн дисктери менен кошо уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип, 26 жаштагы М.Т. жана 21 жаштагы К.Б. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан