Ырчы Анжелика буга чейин жашоосунан эки адамды чийип салганын, анын бири курбусу экенин айткан. Бүгүн ал социалдык тармактагы баракчасына достун түрлөрү тууралуу сөз кылып, буга чейин сөз болгон курбусу жөнүндө үн катты.
Ырчы курбусунун аты-жөнүн жазбай турганын, ар кандай божомолдорду жазуунун кажети жоктугун белгиледи.
"Акча сапырып жашап көнгөн айым жашоонун сыноосуна кабылып, жардамга каражат сурап, уяты менен бир аздан болсо да кайтарбай, билгениңди кыл дегенсип жашап келе жатат. Эң жаманы башка курбуларыма сыйбаган сөздөр менен мени ушактап, аркамдан бычак сайып, ич күйдүүлүгүн 20 жылдык достугубузда экинчи жолу көрсөттү. Ак көңүлдүгүм, боорукерлигим үчүн ушуну көрүп отурам. Ким экенин жакындарымдын баары билет. Өзү баракчасын дароо кулпулап алыптыр. Сүрөттөрүңдү чыгарбайм (архив экөөбүздө тең толтура), мен сени Аллах үчүн кечирдим! Бир унаа келчү акчамды такыр бербесең, кайрымдуулукка Аллах ыраазычылыгы үчүн берип кой! Ансыз деле бир тапичкең 100 миң сом турат. Алкымыңды кичирейтсең эки жылда мага деле берип кутулмаксың. Жакшы, үйүмдүн документин насыяга деп сурап келгениңде бере албай калгам, өзүмдүн атымда үч насыям бар болчу. Эми минтип үч кызым менен жатып калганда сен алган акчаңдын 10 пайызын бере албайм дейсиң. Күйөөң, кайын журтуң, ата-энең бар, мендей жалгыз бой энени түшүнүшсө сага жардамдашат деген үмүттөмүн. Таза болбосо, Аллах мага башка жагынан берет деп ишенем. Балдарың менен аман бол.
Курбум менен жакшы көргөн адамымдын бири-бирине эч кандай тиешеси жок. Таарынычымдын себептери экөөнө эки башка деп айткам", - дейт билдирүүсүндө.