Биз социалдык тармакта

Эртең өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?

Эртең, 25-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -6…-11;

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз -6…-11;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -6…-8 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2021-02-24 17:36:14
Кудайдын буйурганын көрөбүзда!
Кыш,кыштай болгону жакшыда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан