Коргоо министрлигинин ыкчам кызматынын 7 жоокери кургак учук оорусун жуктуруп алышкан

Коргоо министрлигинин ыкчам кызматынын 7 жоокери кургак учук оорусун жуктуруп алышкан. Маалыматты Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жоокерлер илдетти кайдан жугузуп алганы боюнча азырынча маалымат жок.

"Бардык жоокер бир күндө эмес, ар кандай убакта ооруканага жатышты. Алардын жетинчиси кечээ, 23-февралда ооруканага жеткирилген. Алар учурда Бишкек шаардык кургак учук ооруканасында жатышат. Ал эми бул оору боюнча иликтөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан