"Саламаттыкты сактоо тармагындагы айлык маянаны көтөрүп берели деп жатабыз". Садыр Жапаров Орусияда мигранттар менен жолугушууда

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы иш сапарынын алкагында ал жактагы мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Анда келген кыргыз мигранттары президентке каалоо-тилектерин айтып, кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

Кыргыз өлкөсүндө мугалимдердин орточо айлык маянасы 16 миң сом экен. Сиздин оюңузча мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлсө, билим берүү сапаты жакшырабы? Билим берүү системинин өсүшү сизди канааттандырабы деген суроолор берилди.

"Кудай буюрса, айлык акы боюнча жакында карайбыз. Көтөргөнгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Жакын арада саламаттыкты сактоо тармагындагы айлык маянаны көтөрүп берели деп жатабыз. Андан соң мугалимдердин маянасын көтөрүүнү карайбыз.

Албетте, билим берүү системинин өсүшү мени канааттандырбайт. Бирок биз болгон күч-аркетибизди жумшайбыз.

Азыр ар бир министрликтерде оптималдаштыруу жүрүп жатат. Реформаны ар бир министрликте жасайбыз",- деп жооп берди президент Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан