Алтын Капалованын тегерегиндеги чыр. Мамлекеттик каттоо кызматы анын үстүнөн сотко кайрылганы боюнча түшүндүрмө берди

Балдар жазуучусу, жарандык активист жана феминист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Мамлекеттик каттоо кызматы балдарга энесинин фамилиясы жана аты менен 30-декабрда документ берген. Бирок бул документти берүү туура эмес кадам болгонун SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Галина Аманова билдирди. Айтымында, алар мекеме кызматкери кетирген бул мүчүлүштүктү түзөтүү максатында маселени соттун чечими аркылуу калыпка келтирүүнү көздөп жатат.

"Капалова балдарынын атын өзгөрткөндө Мамлекеттик каттоо кызматынан өткөргөнү туура эмес иш болгон. Биздин мекеме аны байкап калганбыз. Анан жарандык актылар жөнүндө мыйзамыбыз бар.

Ал мыйзамда туура эмес катталган, мыйзамдын чегинен чыгып кеткен иштер болсо бир гана сот аркылуу чечүүгө боло турганы жазылган. Бул жерде белгилөөчү жагдай, сотто каралып жаткан иш Капаловага каршы эмес.

Биз өзүбүздөн ката кетип, аны жокко чыгаруу максатында сотко кайрылганбыз. Анткени башында биздин кызматкер арызды албашы керек болчу. Бала төрөлгөндө ага биологиялык атасынын же багып алган атасынын, чоң атасынын же таятасынын аты берилет. Аталык укуктан ажыратуу процесси дагы балага энесинин атын берүүгө жол ачпайт.

Балдарга берилген документти жокко чыгарып, аларды электрондук реестрден алып салуу үчүн соттун чечими керек. Бул жерде ката бизден кеткендиктен биз маселени сот аркылуу жокко чыгарабыз", - деди Аманова.

Ал бул окуяга Алтын Капалованын балдарына документти берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

Мекеменин маалыматында Кыргыз өлкөсүндө буга чейин балага мындай жол менен документ берүү жана алуу учуру катталган эмес.

Ал эми Алтын Капалова трубкасын көтөрбөгөндүктөн анын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba_00
2021-02-25 12:50:49
Коррупционерлер акчасын алып жасап берип койду да, тангалыштын деле кереги жок болуп калды го.
+3
Aidan_Ek
2021-02-25 14:30:15
Атасы деген жерди бош эле калтырыш керек жазгысы келбесе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан