Студенттер арасында бир, жаштар арасында эки жолу Дүйнө чемпиону аталган белгилүү кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков карьерасында уткан бардык медалдарды көрсөттү. Мындай видеону балбан социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Мына ушинтип 22 жылдык спорттогу өмүрүм жыйынтыкталып, жаштарга орун бошоттук. Келечек жаштардын колунда. Бардык мени колдогон кыргыз элиме терең ыраазычылык билдирем", - деп жазды видеонун алдына Жолчубеков.
Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктап жатканын 17-февраль күнү жар салган.