Сатуучуну жыгач таяк менен уруп, акчасын тартып алган. Чүйдө каракчылыкка шектүүлөр кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү болжол менен саат 07:05 чамаларында Сокулук РИИБине Сокулук айылындагы азык-түлүк дүкөндөрдүн биринде каракчылык фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Териштирүү учурунда 5-февраль күнү болжол менен саат 06:00 чамаларында эки беткапчан адам дүкөндөрдүн бирине киришип, сатуучуну коркутушуп, колундагы жыгач таяк менен уруп, 25 миң сомун алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкени маалым болгон.

Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган М.Н. жана 1998-жылы туулган Н.А. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан