Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда каттуу бороон бурганактан улам жолдогу күрткүлөрдөн тынбай тыгындар пайда болууда. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Азыркы учурда "Арал" стационардык посттунда Жалал-Абад облустук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан бардык унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген, учурда жол тейлөө ишканалары тынымсыз иш алып барууда.
Кошумча маалымат катары бүгүн, 25-февралда түнкү саат 22:00дөн баштап эртең мененки саат 6:00гө чейин бардык унааларга жол жабылат.