Сапар Исаков "Сөзсүз кайтып келем" дейт. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 25-февраль, күнгө бейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаров Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусия федерациясынын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашуу болгон.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкө парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирген.

Ал Садыр Жапаровду өлкөнүн президенти кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктап, шайлоо процесси атаандаштыкта жана ачык-айкын өткөнүн белгилеп өткөн.

"Вячеслав Володин Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштөр болгондуктан диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, ошондой эле эки парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргыз өлкөсү мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга токтолгон Мамлекеттик Думанын төрагасы өлкөнүн акылман эли өз тандоосун жасаганын кошумчалады. Ал ошондой эле Баш мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ал орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын, мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргыз өлкөсү менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү экендигин эске салды.

Вячеслав Володин өлкөлөрдүн ортосунда түрдүү чөйрөлөрдө потенциалды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп, алар бүгүнкү жолугушуудан кийин мындан да динамикалуу ишке ашат деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгиледи.

Ал өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүндө кезексиз президенттик шайлоого даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө эл аралык мониторинг жүргүзүүдө Орусия парламентарийлеринин жигердүү колдоосу үчүн Вячеслав Володинге ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

УКМК Аскарбек Шадиевди таап берүү өтүнүчү менен АКШ элчилигине кайрылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиевди таап берүүнү ылдамдатуу өтүнүчү менен АКШ элчилигине расмий кайрылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматта бүгүн, 25-февралда мекеме АКШда жашырынып издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевге карата, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасы АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылганы айтылат.

Эскерте кетсек, Шадиевге карата УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө легалдаштыруу (адалдоо)) фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, ага байланыштуу Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Мелис Аспековдун тарапташтары маалымат жыйын өткөрүштү

Бүгүн, 25-февраль Бишкек шаарында “Мелис Аспековду коргоо” аталышында пресс-конференция өттү.

Ага жарандык активист Мелис Аспековду коргоо комитети, “Чүй Сары-өзөн” коому, “Талас саясий ынтымагы” коомдору жана жети дубандан колдоочулары келген.

Уюштуруучулар токтом кабыл алып, анын негизинде президент Садыр Жапаровго Мелис Аспековдун ишин мыйзамдуу карап беришин өтүнүп кат жөнөтүштү.

Мелис Аспековду коргоо комитетинин төрагасы Жамаке Мамбетов төмөнкүлөрдү билдирди.

“Буга чейин пресс-конференция бергенбиз. Бүгүн дагы берип жатабыз. Аспеков эмне үчүн экени белгисиз, бир себептер менен кармалып жатат, мыйзам чегинде иликтенип, үй камагына чыгарылса, сот иштерине качпай бармак. Ушул маселени конституциянын гаранты болгон президентибиз Садыр Жапаровго жеткизип коюу максатында ушул жыйынды уюштурдук”, - деди Мамбетов.

Колдоп келгендердин бири “Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков төмөнкүлөрдү билдирди.

“Бүгүнкү иш-чарага келгенибиздин себеби Мелис Аспековго кайдыгер карабай келдик. Анткени ал “Мекенчил” партиясын ачкан, астында тургандардан. Акыркы революцияга дагы чоң салым кошкон адам деп билебиз.

Мелис Аспековдун ишинин бардыгы адилеттүүлүк, мыйзамдуулук менен каралсын. Экинчиден, үй камагына чыгарылып, тергелсин. Анан сот мыйзамдуу чечим чыгарсын", - деди Жунусбеков.

9-январда УКМК жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 250 миң доллар талап кылган деген жүйө менен кармаганы маалымдалган. Андан соң райондук сот аларды УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка киргизген. Ал эми 23-январда Биринчи Май райондук соту Жураевди үй камагына чыгарган.

Сапар Исаков "Сөзсүз кайтып келем" дейт

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасады. Кайрылуусунда ал жакын арада Кыргыз өлкөсүнө сөзсүз кайтып келерин белгилеген. Кайрылуунун толук тексти:

"Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим мени качып кетти, таза болсо качпайт эле деп ар кандай каралоолор болуп жатат. Мен ачык кайрылуу кылып коюуну туура көрдүм. 9-октябрь күнү менин жеке өмүрүмө коркунуч болуп, унаама ок атылгандыгы, баарыңыздарга айтпасамда белгилүү. Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткенге аргасыз болгом. Жакынкы арада акыйкаттык орноп, сөзсүз сүйүктүү Кыргыз өлкөбүзгө кайтып келем деп толук ишенем.

Урматтуу президент, соттор мен сиздерден ачык-айкын сот процесстерин өткөрүүңүздөрдү талап кылам. Себеби мурдагы бийлик саясий куугунтук кылып, эч бир далилсиз камаган. Азыркы убакытка чейин байлыктарымды же чет өлкөлөрдөн банктык эсептерден бир тоголок тыйын же бирөө-жарым пара бергендигин далилдей алган жок. Бул менин тазалыгымдын белгиси жана саясий куугунтук экендигинен кабар берет.

Урматтуу президент, мен жеке сизден ачык-айкын сот процесстерин өткөрүп берүүңүздү суранам жана талап кылам. Тилекке каршы, азыр дагы белгисиз себептерден соттук отурумдар жөнү жок жылууда.
Ачык айкын, адилеттүү соттук териштирүү болсо, менин күнөөм жок экени далилденет да чыныгы ошол убактагы коррупционерлер, чыныгы ЖЭБге күнөөлүүлөр ачыкка чыгат.
Мен азыркы бийлик, мурдагы бийликтин катасын кетирбейт деп ишенем.

Акылман элибиз баарын көрүп-билип турат жана өз баасын берет сөзсүз. Терең урматым менен Сапар Исаков", - деп жазды ал.

22-февралда социалдык тармактарда Сапар Исаковдун аты-жөнүн көрсөткөн баракча жүргөн жери Москва экендигин белгилеп билдирүү калтырган болчу.

Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланган. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилер тарабынан бошотулган. "Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө" деген жазуу менен бошотулган Сапар Исаков менен Албек Ибраимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 2020-жылдын 13-октябрында келиши керек болчу. Бирок ушул күнгө чейин анын кайда экендиги тууралуу маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kubat77
2021-02-25 19:42:57
Кудай кааласа де!!!
+1
Mayrambek.Kalpakov79
2021-02-25 20:52:49
Түлкү!
+2
Kombi
2021-02-25 21:29:51
Ачык айтсын элдин акчасын акысын жеген коррупционерлерди. Эл учун айт. САПАР И.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан