Эл аралык издөө жарыяланган Сапар Исаков Москвадан үн каттыбы?

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Фейсбукта баракчасы пайда болду. Анда Исаков Орусиянын Москва шаарында экенин белгилеп, бир канча пост жазган.

Акыркы посту "Урматтуу мекендештерим! Эртели кеч чындык жарк этип такталат, мен ишенем, сөзсүз акыйкат орнойт",- деп жазылат постто.

Бул баракча Сапар Исаковго тийиштүүбү деген суроо менен жактоочусу Замир Жоошевге байланыштык. Жоошев эч кандай маалыматы жок экенин айтып, тактап көрөрүн кошумчалады.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча маалымат тарата элек.

Азырынча бул баракча Сапар Исаковдуку экенин эч бир тарапташы же жакындары тактай элегин эскерте кетебиз.

Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланган. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилер тарабынан бошотулган. "Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө" деген жазуу менен бошотулган Сапар Исаков менен Албек Ибраимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 2020-жылдын 13-октябрында келиши керек болчу. Бирок ушул күнгө чейин анын кайда экендиги тууралуу маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Simels
2021-02-22 20:13:48
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат!
+3
algakaray
2021-02-22 22:31:58
Ун катты деген соз бар китепти кобуроок окусан кезиктирмексиз ушу создорду.
+11
Asmat84
2021-02-22 22:53:17
Уят эле азыркы бийликке жемкорлорду качырып жиберди. Азыр 21- кылым го өлгөн адамды да жердин жети түбүнөн болсо тапкан убак. Балким булар өздөрү качырган болбосо издешмек
+5
Asanali
2021-02-22 23:57:35
Куноон жок болсо неге качасын, куноолусун келечек алдында атан АША экоон жооп беришинер керек.
+7
Agayu
2021-02-23 02:40:16
Сапар Москвада не кылып журосун? Жэ Аша атан Москвага иштеп кел деп жоноттубу ?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан