Президент Садыр Жапаров Москвада белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, гүлчамбар койгон.
Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылды, андан соң оркестр Кыргыз республикасынын гимнин жаңыртты.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү да белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.