Садыр Жапаров Орусия Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алдында Садыр Жапаров ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды. Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын Федералдык жыйынынын делегация мүчөлөрү тааныштырылды.

Жолугушууда эки тарап кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашышты.

"Валентина Матвиенко Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Орусияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктарын белгиледи.

Бул иш сапар кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.

Валентина Матвиенко эки өлкө элдерин жалпы тарых байланыштырып турарын өзгөчө белгиледи. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салды.

Федерация Кеңешинин Төрайымы кыргыз элинин кең пейилдигин жакшы маанайда эскеришерин белгилеп, жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керектигин айтты.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.

Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташуу боюнча эки тараптуу комиссиянын отурумдарынын жогорку натыйжалуулугуна токтолду.

Мындан сырткары мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш жана КМШ парламенттер аралык Ассамблеясы тарабынан Ысык-Көл жээгинде жыл сайын уюштурулуп жаткан "Шериктештик балдары" маданий-билим берүү форумунун өзгөчө маанисин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус союздаштык мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyke
2021-02-26 00:14:54
Жолугуп эле атат жолугуп эле атат деги Жол киренин баасын басандатып келсе экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан