Биз социалдык тармакта

Абайлаңыз сүрөт! Чоң Чүй каналынын боюнан адамдын жансыз денеси табылды, милиция аты-жөнүн тактоого жардам сурайт

Свердлов РИИБи Бишкектеги Аузов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынын боюнда болжолдуу 35-40 жаштагы жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 19-февралында саат 16:30 чамасында Аузов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынын боюнда болжолдуу 35-40 жаштагы, кебетеси азиялык болгон эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, толугураак дене түзүлүштө, чачы кара кыска, бет түзүлүшү тегерек.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү спорттук шым, болжолдуу 40-42 өлчөмүндөгү кара кроссовка.

Аталган факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.

Кимде-ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0(553) 102 387, 0(709) 332 463, 0(772) 847336 жана 102.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2021-02-26 10:08:07
Сүрөтүн унутуп калгансыңарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан