SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына айдоочу жаран кайрылды. Ал "кар жааганынан улам айдоочуларга ыңгайсыздык жаралып, жолду тазалаган тараптар кызматын аткарбай койгон" деп билдирди.
"Бул Суусамыр-Талас өтмөк жолу. Унаалар кечээ түндөн ары же бери кете албай турушат. 150-200дөй унаанын майы түгөнүп, ичиндеги адамдар тоңуп жатышат, алардын курсактары да ачка. Жолдор тазаланбай жатат, жол тазалагыч унаалардын да майы жок экен деп жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.