Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын жыйынтыктары ийгиликтүү болгондугун терең канааттануу менен белгилешти.

Тараптар сапардын жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлгандыгын белгилешти:

1) Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатында Орусия тарабынан Кыргыз өлкөсүнө кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга;

2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу жөнүндө протоколго;

3) Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасына;

4) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Орусия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна.

Көрсөтүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибинин көп маселелери боюнча пикир алмашышты. Эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдар алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы аракеттенүү маселелерин карап чыгышты.

Кыргыз тарап жаңы коронавирус инфекциясына каршы аракеттенүүдө Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасына көрсөткөн баа жеткис гуманитардык жардамы, өлкөнүн экономикасын финансылык колдоо түрүндөгү жардамы, Кыргыз Республикасында товарларды маркировкалоо жана товарлардын кыймылын көзөмөлдөө, салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу системасын киргизүү боюнча кайтарылгыс техникалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маектин катышуучулары бардык деңгээлде тыгыз байланыштарды сактоо, өз ара пайдалуу саясий диалогду бекемдөө, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, кең евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди илгерилетүү, ошондой эле региондор аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендиги тууралуу бир пикирди билдиришти.

Тараптар президент Садыр Жапаровдун Орусия Федерациясына иш сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча эки мамлекеттин министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин координациялоого жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу, эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча үзгүлтүксүз саясий консультацияларды улантууга макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлер ушул жааттагы тараптардын ортосундагы кызматташтыктын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан