Кыргыздын комузун дүйнөгө даңазалап, керемет күүлөрү менен калың журттун алкоосуна татыган белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу SUPER.KG порталына жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу ачык маек куруп берди.
"Тилекке каршы, учурда бойдокмун. Үч балам бар. Улуусу Сумая, өтө таланттуу, андан кийинкиси Сулайман деген жети жашар уулум бар. Учурда биздин мектепте комуз үйрөнүп жатат. Буюрса, чоң комузчу чыгат деген үмүттөбүз. Анан эң кенжеси Салават деген балам бар, ал төрт жашка чыкты. Алардын апасы дагы жакшы адам, ыймандуу. Болгону кыргызда "жылдызы келишпей калыптыр" деп айтып коёт го. Тагдыр ушундай болду, тилекке каршы. Биздин мындай ыр-чырыбыз деле жок. Мамилебиз абдан жакшы. Жубайым экөөбүздүн эки башка жашаганыбыз эле болбосо балдарым менен күндө эле көрүшүп турабыз. Мен балдарыма атасыз чоңойду дегенди сездирбегенге ушунчалык аракет кылам", - дейт Закирбек Дүйшөнбек уулу.