Чубак Жалиловдун шакирти: "Умрага барганда акча үнөмдөп кукси ичип, 120 киллограмм китеп алып келгенбиз"

Орто Азияга белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун шакирти, жардамчысы Улан Давлеткулов SUPER.KG порталына аалым тууралуу эскерип, маек куруп берди. Ал аалымдын китепке өзгөчө мамиле кылганын баса белгилейт.

"Устаз негизи айтпа деген, бирок бул да болсо устаздын жакшы жери да. Биз умрада жүргөндө башкалар ресторан, кафелерден тамактанып жүрсө, биз кукси жеп жаттык. Себеби устаз акчаны үнөмдөп, элге пайдалуу китеп алып келүүнү максат кылып жаткан. Ошентип жатып биз өлкөбүзгө 120 килограмм китеп алып келдик. Мен ошондо ушунчалык таң калгам. Устаз көп айтчу китептер менин байлыгым деп. Анан өзүнүн 3 бөлмөлүү китепканасында кайталанбаган китептер бар. Аны чогултууга бүтүндөй өмүрү кеткен",- дейт Давлеткулов.

Эске салсак, дин аалымы Чубак Жалилов өткөн жылы 45 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган.

Чубак Жалиловдун шакирти: "Устаз мемуар жазганга кызыкчу"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mirlan27011987
2021-02-26 23:16:55
Өлгөндөр деле өлүмдүн эмне экендигин билишпейт. Өлүм жөнүндө дайыма ойлоно бербеш керек. Өлүм жөнүндө ойлоно берүү же өлүм жөнүндө айта берүү адамдын өмүрүн кыскартат.
-7
janarht98
2021-02-26 23:31:12
Mirlan27011987,Өлүмдү эстеп туруу адамдын жашоосунун кадырынын барктуулугун көрсөтүп турат
+6
dkrf
2021-02-26 23:39:33
janarht98,
Өлүмдү айтсаң тирүүлөрдүн тынчы кетет - дейт кыргызда. Ар ким өз өлүмүн билбегени жакшы. Андыктан өлүм жөнүндө айта берген дин кызматчылар жага бербейт.
-8
Isk..
2021-02-27 02:03:41
Mirlan27011987,динде болбосон окубай эле кой
+2
Aijigit86
2021-02-28 10:51:16
Асмат ,84 дин жонундо маалыматын болсо Ким болбосун бироого акаарат келтирбе деп айтылат эмнеге аны Кучук деп атасын динчилмин деп озун ашыкча кете бербе ал да озунун оюн айтып койду
0
Asmat84
2021-02-27 09:54:55
Ээ дин душмандары, дин бузаарлар теңирчилер Арстан Алайдын күчүктөрү силер таптакыр кирбегилечи жазбагылачы биздин Ислам динибизге
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан