Күрөш: Нурмухаммет Абдуллаев менен Бекболот Мырзаназар уулу жеңишке жетсе, Алмаз Сманбеков жеңилди

Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири башталды.

Мелдешке күрөштүн грек-рим түрү боюнча 55 килограм салмакта катышкан өлкө чемпиону Нурмухаммет Абдуллаев алгачкы жүрүшүндө өзбекстандык балбанды 6:4 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өттү.

Ал эми, эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Алмаз Сманбеков килемге чыгып, анда болгариялык балбанга 9:2 эсебинде утулуп калды.

Ушул эле салмакта килемге чыккан белгилүү кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу беларустук атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 9:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өттү.

Учурда турнир уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан