Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири башталып, турнирдин биринчи күндүк беттештери өтүүдө.
Мелдешке 65 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев жарым финалга чыгып анда Жаштар арасында Олимпиада оюндарында чемпион болгон азербайжандык Туран Байрамов менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө Эрназар Акматалиев 13:7 эсебинде жеңишке жетип, мелдештин финалына чыкты.
Андан кийин мелдешке эркин күрөш боюнча 57 килограм салмакта катышкан кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу жарым финалда өзбекстандык балбанга 8:1 эсебинде жеңилип калды. муну менен кыргыз балбаны коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Учурда мелдеш уланууда.