Биз социалдык тармакта

Чүйдө жайыттан мал айдап келүүгө кетип, ошондон бери дайынсыз болгон келиндин жансыз денеси табылды

Чүйдө жайыттан мал айдап келүүгө кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келиндин жансыз денеси кечээ, 26-февраль күнү саат 18:30 чамасында Жел-Арык жайлоосунан табылган.

"Азыркы учурда жансыз денеге карата тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча келин кулап түшүп, андан ары эсин жоготкон", - деп айтылат маалыматта.

22-февралда Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
TIMON_BERKOWITZ
2021-02-27 13:54:20
Колдон келсе аял кишини эркектин жумушуна аралаштырбай, эркекти аял кишинин жумушуна аралаштырбай коймок кана! Келин деп эле малай сатып алгансыбай..
+25
Nursul
2021-02-27 14:22:03
TIMON_BERKOWITZ, туура айтасыңар бирок ке бир эркектерге караганда аял киши болсо да эркек кишинин жумушун мыкты кылган эжекелер бар.
+11
NURSAPAR
2021-02-27 14:25:10
Аттиң, жаш келин экен, жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына сабыр берсин.
+14
bekuluik
2021-02-27 14:32:29
Бир сыр бар биз билбеген. А эркек дегени эмне, энесинин эмчегин эмип жатабы?
+15
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-27 17:41:57
Куйоосу аялын жайытка жиберип коюп не кылып жатат.Мына олуп тынды эми азабын тарт,малга жибердин,балким ден соолугу начардыр жыгылып тушконуно караганда.Башы тегеренип дагы бир нерсе болду
+7
meku9205
2021-02-28 19:56:28
Өкүнүчтүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан