Чүйдө жайыттан мал айдап келүүгө кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан келинди издөө иштери бүгүн, 25-февралда улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 22-февралда Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан дайынсыз болуп изделип жаткан келиндин сүрөтүн жарыялап, көргөн-билгендер болсо милиция бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт.