Бүгүн, 28-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 62 килограмм салмакта катышкан белгилүү балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жарым финалда өзбекстандык балбан кыз менен кез келип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.
Айсулуу Тыныбекова төрт беттеш өткөрсө дагы каршылаштарына бир дагы упай алдырган жок. Бали, эмне деген көрсөткүч!