"Ысык-Көлдүн Балбай айылына эки кабат мектеп салып бериңиз" деп президент Садыр Жапаровго кайрылган Бекболот өлкө башчыга жолукту. Бул тууралуу сүрөттөр социалдык тармактарга тарады.
Сүрөттө көрүнгөндөй Бекболот менен Садыр Жапаров стол үстүндө баарлашып отурушкан. Алардын качан жолукканы азырынча белгисиз.
Буга чейин Бекболот президент менен жолугушат деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Кийинчерээк өлкө башчы Орусияга болгон иш сапарынын алдында обочолонуу режиминде болуп, Бекболотту Орусиядан келгенден кийин кабыл алары белгилүү болгон.