Өлкө башчысы Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарында Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушкан.
Жолугушуу учурунда Жапаров Матвиенкого аны коштоп барган адамдарды тааныштырып жаткан учурда төрайым биринчи вице-премьер министр Артём Новиковдун жаш экенин айткан кезде, өлкө башчысы Новиковдун сулуу экенин кошумчалай кеткен.
Аталган видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүк колдонуучулар Артём Новиков иш билги, жаш, мыкты кадрлардын бири экенин жазышып, анын келишимдүү экенин дагы баса белгилей кетишкен.