Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарында цирктен качып чыккан аюу көчөдө жүргөн адамдарды коркутканы тууралуу видео тараган.
Аталган окуя "Кыргызстан" кинотеатрында Бишкектен барган көчмө циркте болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган кинотеатрдын кызматкери Каразак Шоруков билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарында цирк болбогонуна байланыштуу көчмө цирк кинотеатрда өткөн.
"Биздин кинотеатрга мындай оюн-зоок программасы менен биринчи жолу келишти. Аюу качып кеткенден кийин көбү "адамдарга же кичинекей балдарга кол салса эмне болот" деп чочушту. Негизи аюунун оозу байланган, тырмактары алынган экен. Атайын кызматкер аны байлап жатканда ал чочуп кетип колунан чыгып кетиптир, дагы жакшы убагында кармап калышты. Ал эми өткөндө маймыл качып турак үйгө кирип кеткени биздин кинотеатрда болгон эмес.
Эки күндүк атайын карнавал өткөрүлгөн. Бишкектен келгендер ат, аюу, маймыл, кирпи сыяктуу майда жандыктарды алып келишкен. Атты киргизбей коюшту кыска программасын аткарып алып кетишти", - деп билдирди кинотеатрдын кызматкери.
Бул окуя боюнча Ош ШИИБи тийиштүү чара көрүлөрүн кабарлашты.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарында цирктен маймыл качып чыгып, турак үйгө кирип кеткени маалымдалган.